Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.
Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов жооп берди.
Анын пикиринде, Жалал-Абадда 5 жарандын президентке жолуга албай калганында президенттик аппараттын же жергиликтүү бийликтин катачылыгы бар.
"Өзгөрүүнү президент жалгыз жасай албайт. Мен анын жасап жаткан иштерин, саясатын колдойм. Ал эми Жалал-Абад облусундагы жолугушууда кемчиликтер кеткен болушу мүмкүн. Бул президенттик аппараттын же аймактардагы тизме түзүүгө жоопкерлердин катачылыгыдыр. Ал эми Райымбек Матраимов боюнча соттун чечими коомчулук күткөндөй чыкпай калганы, демек, бул президенттик аппараттын сот иштерине кийлигишпей жатканынан кабар берет.
Биз, өзүбүз соттун көз карандысыздыгын талап кылып жатканбыз. Эми кайра президенттен сот чечимдерине реакция берсин деп жатабыз. Жарым жылда чоң өзгөрүү жасоо кыйын. Буга чейин чечилбей келген бир топ маселелер бар болчу. Президентке убакыт беришибиз керек. Өлкө башчыны депутаттардын баары эле колдоп жатат. Жадакалса коомдук активисттер, бейөкмөт уюмдардын башчылары да колдоо көрсөтүүдө. Президенттин иши, албетте, бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Менимче, президент айткан сөздөрүн ишке ашырып эле жатат. Сындагандын ордуна биз ага жардам берели", - деди Жамангулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, саясат таануучулар Марс Сариев, Эмил Жураев, журналист Нарын Айып жана коомдук ишмер Бакыт Рыспаевдин пикири бул шилтемеде.