Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине төрт мамлекеттин президенттери катышат. Бул туурасында 22-августта Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.
Сыдыковдун айтымында, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын өкмөт башчысы катышат.
"Учурда жогорку даражалуу коноктордун жана чет элдик делегациялардын визиттерине даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине дагы кимдер келери кийинчерээк так белгилүү болот", - деди Сыдыков.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.