Биз социалдык тармакта

Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колун да кесүүгө макулдук берилди

Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилгени жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жоокердин жеңеси Венера Өмүралиева 23-августта кабарлады. Анын айтымында, колунун жаракаты күндөн күнгө күчөп баратат.

"Кечээ сол колунун таңууларын жаңылап чыккандан кийин жыттанып баштаганын айтышты. Анын үстүнө сөөктөгү жаракат үч сантиметрге чоңоюп кетиптир. Убакытты ала берсек жараат чоңоюп кетип, чыканакка чейин эмес, ийинден кесүүгө туура келет экен. Ошондуктан сол колун да кесүүгө макулдук бердик. Дарыгерлер качан кесет азырынча белгисиз. Ал эми дары каражаттары үчүн күнүнө 5-6 миң сом кетип жатат. Анын баарын Башкы штаб камсыздап жатат", - деди Өмүралиева.

Жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко тартылып кеткен.

Венера Өмүралиева айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко тартылганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-08-23 14:50:32
Окуган сайын журок ооруйт,энесинин акыбалын элестетиш кыйын....Эми жоокер больницадан чыккандан кийин, жардам берилеби мамлекет тарабынан!?Ким багат?КРда озу соо адамга жумуш табылышы кыйын болгон сон......
+12
nurhan2702
2018-08-23 15:20:56
Ии байкуш ай .Чымчыкка жардам берем деп озу жаман болуптур ..Боорукер балага Аллах ошондой сыноо берген го чамасы .Ыйлагым келди окуп алып . Кийинки жашоосу кандай болоор экен эми.Сабыр тилейбиз, иним сага !!!
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан