Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.
Ал күч түзүмдөрдөгү жетекчилерин алмаштырганда иш жакшырбаганын айтты. "Күч түзүмдөрдөгү жетекчилерди алмаштырууда иштин мүнөзүнө жана ыкмаларына эч кандай таасирин тийгизген жок. Иш жакшырган жок. Демек, кеп башкада", - дейт Жолдубаева.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Канатбек Азиз, Рита Карасартова, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.