Саясатчы Адахан Мадумаров президенттин ишмердиги тууралуу: "Казандын сыртындагы киши бийликке келгенде гана өзгөрүү болот"

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Анын айтымында, президенттин "укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшөм" дегени жөн гана саясий шоу.

"Коопсуздук кеңешинен кийин айткан сөздөрүмдүн баары аныкталып жатканын мезгил көрсөтүүдө. Ошол жыйында укук коргоо тармагындагы коррупцияны жоготобуз деп кыйкырды. Себеби минтип айткан элге жагат. Бул жөн гана саясий шоу. Сот, прокуратура жана башка укук коргоо органдары коррупцияга малынган. Бирөөсү камалдыбы? Бийлик алдын ала “качып кеткиле” деп коррупционерлерге ишарат берет. Анан алар сыртка качып чыгышат. Коррупцияга каршы күрөштүн баары жалган, курулай кыйкырык. Жыйынтыгын чыгарам деген киши Малайзиядагыдай, Өзбекстандагыдай болуп бир күндө эле билинет. Азыр бийлик кызматка алып келген кадрлар гана туура, таза иштеп жатты беле? Казандын сыртындагы киши бийликке келгенде гана өзгөрүү болот. Азыр мектептин директоруна чейин бир партиянын өкүлү болуп калган. Өзүнүн куйругун өзү кыркабы эмне? Алардын кийген тону да, ичкен ашы да бир болуп жатса. Буга чейин камакка алынгандарга 2-3 ай чыдап тургула деп коюшкан. Эл унутчаак. Азиз Батукаевди качыргандарды, Дача-СУга кулаган учакты азыр бирөө эстеп жатабы? Биз унуттук. ЖЭБдеги коррупция да, түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы коррупция да унутулат. Камалгандар кайрадан момоюп чыгып келишет. Туура эмес камаптырбыз деп кечирим сурайбыз. Бийлик ушул эле багытта кете беришине ишенем. Бир клан гана күчтөнүп бара жатат. Учурда элдин алдында аябай сонун спектакль коюлуп жатат. Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн "Уктап жаткан эл же өлөт, же кул болуп ойгонот" деген жакшы сөзү бар", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Канатбек Азиз, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан