Депутат Зиядин Жамалдинов: "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатышы мага да түшүнүксүз"

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өз жообун айтты.

Жамалдинов долбоорду ишке ашыруу эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканын түшүнбөй турганын билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра турган компания кечээ да тандалбай калганын угуп алып, мен да таң калдым. Бул долбоор 2014-жылы башталып 4 жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Бул жерде татаал деле маселе жок, өкмөттүн сунушуна дал келген компанияны тандап, долбоорду ишке киргизишсе болмок. Менимче, бул тендерден утуп чыгууга кызыкдар компаниялар көп. Бирок эмнегедир бул маселе созулуп, ишке ашпай келе жатат. Жогорку Кеңеш бул долбоорду ишке ашырууга макул. Өкмөттөн дагы эч кандай каражат кетпейт. Бул жерде эмне маселе жаралып, процесс эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканы мага да түшүнүксүз болууда", - деди Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Аида Исмаилова, Абдыбек Дүйшалиев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан