Эртең, 26-августтан тарта оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп, жол катмары алмаштырылат жана жээк таштар орнотулат. Аталган көчөнүн ремонт иштери Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө башталат. Оңдоо иштери ушул жылдын 30-октябрына чейин созулат. Унаалардын жүрүүсү үчүн Турусбеков жана Калык Акиев көчөсү альтернативдик кѳчѳ болот.