ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Москвада кыргыз мигранттарынан турган 20 команда катышкан футболдук мелдеш өттү"

Москва шаарында эмгектенген Ош облусунун Кара-Суу районунун жаштары арасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата футболдук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аталган шаарда эмгектенип жүргөн окурман билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мелдешке жалпысынан 20 команда катышкан.

"Мелдешти аталган шаардагы "Кара-Суу Биримдиги" кайрымдуулук коому уюштурду. Анда негизинен Ош облусундагы Кара-Суу районунун жаштары ойноп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунду "Киров" командасы ээлеп 10 миң рублга, 2-орунду "Большевик" командасы камсыздап 8 миң рублга, "Жданов" командасынын оюнчулары 3-орунга татып 5 миң рубль утуп алышты. Мындан башка да кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Ошондой эле 15 оюнчу 500 рубль жана Ардак грамота менен сыйланып, Кара-Суу жаштарынын футболдук мелдешин ай сайын өткөрүп туруу чечими кабыл алынды", - деп жазды окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patiydin
2018-08-27 21:43:55
Бар экенсинер го. Кыргыз АЛГА.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан