Биз социалдык тармакта

Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилди

Бүгүн, 28-августта Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Кылым шамы" уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер баланын колунун жаракаты күндөн күнгө күчөп бара жаткандыктан колун кесүүгө аргасыз болушту.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2018-08-28 12:41:44
Эх байкуш. Кантет экен эми, эне байкушка сабыр берсинда, журогу тилинип аткандыр, сыздап.
+4
Nargiza1987k
2018-08-28 13:23:33
Калган жашоосу кантет энеси аран чонойтсо энесин ким карайт кайра жаш баладай энесине куч келеби сабр сабр
+3
Djumahmatov
2018-08-28 13:53:39
Эми мамлекет карайт!
0
Malik92
2018-08-28 20:18:01
Баланча миң сомдук креслого отургусу келген жепжутаттарыбыз ушул баланын колуна протез жасатканы тендер жарыялашсын.Эли-жеримди коргойм,жепжутаттарды-балдарын коргойм деп армияга барыптыр бул жигит.
+7
Sagyn.91
2018-08-29 02:23:16
Эртенки келечеги кандай болоор экен? Ошодон сарсанаа болдум.
" Боорукерлигин кээде озуно зыян" дегени ушул окшойт.
Эхх,,, чымчыктын жумурткасына боорун ооруп кеткен экен да, аттин, мындай болоорун билгенинде башкача болоор беле...

Мамлекет оз козомолуно токтоосуз алсын!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан