Бүгүн, 28-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Дүйнөдөгү эң таасирдүү державалардын бири Улуу Британиянын "The Sun" басылмасы атаандаш держава Кытайды сындаган кенен макаланы жарыялады. Ал "Кытай чакан мамлекеттерге эч качан кайтарып бере албаган карыз берип колонияга айлантууда" деп аталат. Макалага таянсак, Кытай начар өнүккөн өлкөлөрдө өзүнүн активдерин жана аскердик таасирин күчөтүш үчүн ири көлөмдөгү насыяларды берүүдө. Мындай мамлекеттердин тизмесинде Кыргыз өлкөсү, Пакистан, Шри-Ланка, Жибути жана башкалар бар. "Кытай карыздан кутула албаган өлкөлөргө кызыктыра турган насыяларды сунуштайт, андан соң бул өлкөлөрдө экономикалык көйгөйлөр башталганда өзүнө керектүү шарттарды талап кылат. Мисалы, Кытайга 1 миллиард доллардан ашуун карызы бар Шри-Ланка өзүнүн аймагындагы портту кытайлык компанияларга 99 жылга берүүгө мажбур болгон" деп мисал келтирди "The Sun". Ал эми экинчи тараптын пикирин берип жатып "Кытай мындай насыя берүү ыкмаларын коргоо максатында карыздардан кутулууга күчү жеткен өлкөлөргө гана жардам берип жатканын айтууда" деп баса белгиледи британиялык басылма.
Кыргыз өлкөсү Кытайга 1,7 миллиард доллар карыз. Бул сумма өлкөнүн тышкы карызынын дээрлик жарымын түзөт. Кытайдан алынган насыялар "Датка-Кемин" жогорку чыӊалуудагы электр линиясын курууга, Бишкек ЖЭБин жаӊылоого, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун курууга, Ош-Баткен-Исфана жолун жаӊылап курууга алынган. Бул карыздардын баары 1,5-2 пайыз жылдык үстөгү менен алынды. Акчаны Кыргыз өлкөсү 2033-жылга чейин төлөп бүтүшү керек. Келишимге ылайык, 2023-2024-жылдары жеӊилдетилген шарттар бүтөт. Карызды төлөөнүн туу чокусу 2025-жылга туура келмекчи.
SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми Кытайдын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна жооп берген респонденттердин көбү Кытай өлкөсү насыяларды Кыргыз өлкөсүнө зордоп берген эместигин айтып, бийликтин бардык бутактары карызды төлөөгө аракет көрүшү керектигин билдиришти. Ошондой эле алар тышкы карыздан кутулууга мамлекеттик органдардагы коррупция тоскоол болуп жатканын белгилешүүдө. Депутат Улан Примов Кытай тарап менен сүйлөшүүгө барып, төлөө мөөнөтүн 20 жылдык эмес, 30-40 жылдык кылып узартуунун жолун тапсак туура болмок деген вариантты сунуштады.
Ири державалардын ортосундагы дүйнөлүк таасир үчүн атаандаштыкты эске алганда, британиялык басылманын макаласынын максатын Кытайдын карыз берүү саясатын жаманатты кылып көрсөтүү деп санаса болот. Эки дөөнүн маалыматтык "кырылышы" эмне менен бүтсө да, Кыргызга коңшу өлкөгө карызды төлөө түйшүгү калат. Бийлик бул багытта системдүү иш алып барууга тийиш...
Күзгө саналуу күндөр калды. Бул мезгил Кыргыз жергесинде адатынча саясий активдүүлүктү жандантат, адаттагыдай эле быйылкы күздө да саясий аренада чоң окуялар күтүлүүдө.
Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жыйын өтүп, КСДПнын лидери болууга Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экени айтылды. Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" ураанынын алдында жыйындар Чүй облусунун үч районунда өткөн. Кийинки жыйын Токмок шаарында орун алмакчы. Азырынча бул жыйындар эмнеге алып келери бүдөмүк.
Саясий күз темасын КСДП да козгоду. Бүгүн партия билдирүү таратты. Анда "күзгү төңкөрүш" жөнүндө имиштер массалык түрдө таратылып, буга бийлик көңүл бурбай, түшүндүрмө бербей жатканы айтылып, бийлик сынга алынды. КСДПнын бул билдирүүсү интернет коомчулугунда сынга алынууда. Анткени бийлик башында тургандар кайра эле КСДП эмеспи деген суроону кабыргасынан коюп жатышат. Саясий күз Абылгазиевдин өкмөтүнө жана КСДП партиясына жеңил болбой турганы түшүнүктүү. Жогорку Кеңеш өкмөттүн учурдагы иштерине ыраазы болбой, президенттен кандай ишарат болорун күтүп турган чагы. Көчмөндөр оюну бүткөн соң өкмөткө ак же көк деген өкүм угузулушу мүмкүн. Ал эми Социал-демократтарга келсек, партия эки тарапта талтайган абалда өмүр сүрүүдө. Парламенттеги жана Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар президенттин толук колдоосуна айланса, Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы партия буларга жана бийликке оппозицияда. Бул арада Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуучу мыйзам долбоору даярдалууда. Айтор, күз ысык болот көрүнөт...