ЭЛДИК КАБАР: "Москвага бара жатып Кыргыз-Казак чек арасынан өтө албай 20 адам 2 күндөн бери турабыз" дейт окурман
"Кыргыз-Казак чек арасында Казакстанга өтө албай 20 Кыргыз жараны 2 суткага жакын убакыттан бери турабыз", - деп жазды окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Айтымында, андагы жүргүнчүлөр Мерседес-Бенц Спринтер менен Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсүндөгү автобекеттердин биринен Орусияга баруу үчүн жол тартышкан.
"Айдоочуга ар бирибиз 7 миң 500 сомдон бердик, бирок айдоочу кара тизмеде экен. Чек арадан өткөрбөй 2 күнгө жакын убакыт өттү, дале турабыз. Айдоочудан акчабызды кайтар десек, макул болбой койду. Өзү мейманканада жатат, биз унаадабыз. Бир шеригим келет деп баарыбызды кармап турат", - деп жазды ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.