Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов: "Белди бекем бууп карыздын эсебинен эмес, өзүбүздүн тапкан акча менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек"

Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жооп берди.

Эл өкүлү өлкө экономикалык көз карандысыздыкка чыгуу үчүн ири ишканаларды куруп, кен байлыктарды иштетүү керек деген пикирде. "Учурда Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы эң орчундуу маселелердин бири. Тышкы карыздын 44 пайыздан ашыгы Кытай мамлекетине таандык. Бул акчалар негизинен энергетика секторуна жана транспорт инфраструктурасына жумшалган. Кытай тарабынан берилген насыя 20 жылга 2 пайыздык өлчөм менен берилген. Бул биздин өлкөнүн экономикасы үчүн оор. Биз эми бул көйгөйлөрдү жеңип өтүү үчүн экономикабызды жандантууга тийишпиз. Бул үчүн ири ишканаларды курушубуз зарыл. Эң башкысы белибизди бекем бууп, тышкы карыздын эсебинен эмес, өзүбүздүн тапкан акчабыз менен жашоого үйрөнсөк жакшы болмок.

2023-2024-жылдардан баштап сырткы карыздын негизги төлөмүн төлөө убактысы келет. Ошого ылайык бүгүнкү күндөн тарта карыздан кутулуу аракеттерин баштоого тийишпиз. Кытайдын "Эксимбанкы" менен сүйлөшүүгө барып, төлөө мөөнөтүн 20 жылдык эмес, 30-40 жылдык кылып узартуунун жолун тапсак туура болмок. Тилекке каршы, учурда өлкөнүн экономикасы "Кумтөр" алтын кенине гана көз каранды. Альтернатива катары өлкө казынасына киреше алып келе турган кендерди иштетүүбүз зарыл. Бул үчүн кен казыла турган аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү элге өлкөнүн экономикасынын абалын жеткирүүбүз керек. Кыргыз өлкөсүнүн экономикалык жактан көз карандысыздыкка чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар, болгону ошону пайдаланышыбыз шарт"
, - деди Примов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Зиядин Жамалдинов, Марлен Маматалиев, Акылбек Жамангулов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан