2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталы "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кыргыз өлкөсү газ боюнча көз карандысыздыкка жетти деген пикирин билдирди.
"Газпром" "Кыргызгазды" сатып алуу үчүн төлөгөн 1 доллар – бул символикалык баа. Чындыгында, "Кыргызгаздын" миллиондогон доллар карызын "Газпром" өзүнө алган. Өз убагында коңшу өлкөлөр менен чек ара же башка бир маселе боюнча чыр-чатак чыкканда алар бизди жазалоо үчүн газ берүүнү токтотуп койчу. Айрыкча, түштүк аймактарда: бир нече ай бала бакчаларда, мектептерде көчөдө отун менен тамак жасаган күндөр болгон. Алмазбек Атамбаев бул чарбаны карыз менен берип, жыйынтыгында биз газ боюнча көз карандысыздыкка жеттик. Ошентип 6 жылдан бери эч ким бизге газды өчүрө элек", - дейт Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Эдил Байсалов, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жана энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.