2015-жылы "Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталынын "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген соболуна коомдук ишмер Эдил Байсалов жооп берди.
Коомдук ишмер өлкө аймагын газ менен камсыз кылуу Орусия тараптын берген убадасы боюнча жүргүзүлбөй жатканын айтты.
"Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин ал өлкө менен мамилебиз жакшырып, тыгыз байланышта жашаганы турабыз. Бирок эки өлкөнүн алакасына ыңгайсыздык жараткан жагдайлар жок эмес. Ал коңшу өлкөдөн газды өзүбүз эмес, Орусия аркылуу алганыбыз.
Чынын айтсак, "Газпром" компаниясы тарабынан жаңы конуштарга газ түтүкчөлөрү орнотулуп, айрым аймактар газ менен камсыз болууда. Учурунда Владимир Путин 30 миллиард рубль инвестиция жасап, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагын газ менен камсыз кылабыз деген. Мен бул пикирди уккан соң Владимир Путинге ичим жылып туура чечим болгон деп баа бергем. Тилекке каршы, газдаштыруу Орусия берген убаданын негизинде аткарылбай жатат. Убадалар кандай аткарылып жатканына эч ким кызыккан да жок.
Мына эки күндөн кийин эгемендүүлүгүбүздү белгилегени турабыз. Бирок эгемендүү өлкө болуп туруп бир өлкөгө кайсы бир тармак боюнча 100 пайыз көз каранды болгонубуз чоң катачылык. Эркин мамлекеттер мындай учурларда газды башка жактан, нефтини башка жактан алып тең салмакты сактоого тырышат. Биз болсо баарын бир кабинетте байлап койдук. Учурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин биздин өлкөгө мамилеси жакшы. Бирок 20 жылдан кийин кандай болорун эч ким билбейт. Бийлик башына башка фашисттик көз караштагы адам келсе, анда газды да, нефтини да берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн", - деди Байсалов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Ирина Карамушкина, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жана энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.