КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев өз пикирин билдирди.
Сариев Алмазбек Атамбаевдин кийинки кадамы бийлик диний кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деген чагымчылдык багытта болушу мүмкүн экенин айтты.
"Негизи КСДПнын өз тарыхы бар, жакшы эле түзүлгөн чоң партия катары өз ишмердигин жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө партияны бир тарабынан Алмазбек Атамбаев өз жагына тартып жатат. Экинчи жагынан Жээнбековдор өздөрү үчүн чечүүчү партия кылып алуу аракетин көрүп жаткандай. Парламенттеги КСДП фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү Атамбаевди колдобой азыркы бийлик тарапка ооп турушат. Эми анын алдыдагы кадамы бийлик диний кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деген чагымчылдык аракет жүргүзүшү мүмкүн. Спикердин айт намаздагы сөзүн жана президенттин намаз окуганын бийликке каршы колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары бийликтин тегерегине бакиевчилер келип жатат деген бийликке каршы маанай жаратууга аракет кылат. Бирок эч кандай майнап чыкпайт. Аймактарда болсо мурдагы президенттин кадыр-баркы аябай түштү, аны эми түндүк тараптан бир ууч эл колдобосо, эч ким колдобойт. Бийлик болсо тең салмактуулукту сактоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат", - деди Сариев.
КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, Мухтарбек Айнакулов, саясий серепчи Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.