КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына кеңештин 23 мүчөсү катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG'ге партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева кабаралады.
29-августта болгон КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына кимдер катышканын сураганыбызда партия өкүлү төмөнкүдөй жооп берди.
"Жыйынга саясий кеңештин 23 мүчөсү катышты. Кимдер катышкандыгы тууралуу тизмени бере албайм", - деди Жолдубаева.
Ошондой эле КСДП фракциянын депутаты жана саясий кеңештин мүчөлөрүнүн атын атап, жыйынга катышкандыгы тууралуу сураганыбызда айта албастыгын, өздөрүнө кайрылышыбыз керектигин айтты.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгон Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбөй Зулпукаров саясий кеңештин чакырылбаганын айтса, кеңештин мүчөлөрү Искендер Матраимов, Алиясбек Алымкулов, Мухтар Айнакулов 29-августта болгон саясий кеңештин жыйынына катышкан эмес, кээ биринин кабары да болгон эмес.
Партиянын расмий сайтындагы саясий кеңештин мүчөлөрүнүн тизмесин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кармоочу жайында жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов да толуктайт.
Белгилүү болгондой кечээ, 29-августта болуп өткөн КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында депутат Кожобек Рыспаевди партиянын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынган.