Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Атамбаевдин мүнөзү күчтүү, оңою менен сынбаган адам"

Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чарага келбегени туура эле деген пикирде.

"Себеби Атамбаевдин жакын адамдарынын бардыгы түрмөдө отурса, өмүрүн арнаган иши талкаланса, саясаттагы жеткен ийгиликтеринин бардыгы жокко чыгып жатса, ал Эгемендүүлүк күнүнө келе албайт да. Келе турган болсо, анда азыркы бардык жасалып жаткан иштердин туура экенин, ал өзү туура эмес кылганын моюнуна алган болуп калат. Мааракеге келбегени түшүнүктүү эле нерсе. Атамбаевдин мүнөзү бир топ күчтүү. Ал оңою менен сынбаган, бат эле жеңилип бербеген адам", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, саясатчы Адахан Мадумаров, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Осмонакун Ибраимов, жарандык активист Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан