Бишкек шаардык ИИБи 1 аптада 500 кылмыштын бети ачылганын маалымдады
13-19-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында 500 кылмыш фактысынын бети ачылганын Бишкек ШИИБи билдирди. Бир апта аралыгында укук коргоо кызматкерлери 20 ыкчам иликтөө иш-чарасын өткөрүп, анда 12 зордуктоо, 56 атайылап бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирүү, 45 тоноо, 106 уурулук, 177 алдамчылык, 8 бейбаштык, 1 киши өлтүрүү, 1 күч колдонуп бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, 5 акча талап кылуу фактылары катталган. Мындан сырткары курал-жарак, баңгизат сактоо сыяктуу кылмыштар боюнча да ондогон фактылар катталды.