Биз социалдык тармакта

Москвада СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзонду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 2-сентябрда Орусиянын Москва шаарында СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзонду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум Иосиф Кобзон менен коштошуу үчүн ондогон кишилер Чайковский атындагы концерттик залына келип жатышат.

Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 8:00дө башталды. Кобзон менен коштошуу үчүн келгендер Триумфалдык аянтта чоң эмес кезекке турушат. Ырчынын сөөгү Востряков көрүстөнүнө апасынын жанына коюлат.

СССРдин Эл артисти, белгилүү ырчы, Госдуманын депутаты Иосиф Кобзон 30-августта 80 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2018-09-02 14:05:58
Эмии эмне дейт элек, олум хак,Орусс элине сабыр,
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан