Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева жооп берди.
Анын пикиринде, "Себат" билим берүү мекемеси Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде ачылган.
"Себат" Кыргыз мамлекетинде биринчи жолу чет өлкөлүк билим берүү мекемелерден болуп ачылган. Бул мекеме Аскар Акаевдин мезгилинде ачылып, ал кезде Түркиянын президенти Тургут Озал болчу. Ошону менен катар эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети ачылган. Аталган эки билим берүү мекемесине Кыргыз тарап абдан чоң өлчөмдөгү жерлерди бөлүп берген. Президенттер келип кете берет, мамлекет калат. Эгерде ошол окуу жайы биздин балдарга жакшы билим берүү максатын көздөп, билим берүүнүн жыйынтыгы жакшы болуп жатса, анда окуу жай калышы зарыл. Мисалы, биздин өлкөдө кандай саясий иштер болуп жатса, башка өлкөгө зыяны тийбеши керек. Башка мамлекетке барып өлкөбүздө болуп жаткан нерсени таңуулаган болбойт. Түркия дагы өзүнүн өлкөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, саясий келишпестиктердин айынан мурунку президенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууга аракет жасабашы шарт деп эсептейм. Сооронбай Жээнбеков президент Эрдогандын суроосуна өз көзөмөлүмө алам деп жооп бергени туура эле. Түркия өлкөсү - саясий чөлкөмдө орду бар мамлекет", - дейт Жолдошева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, эксперт Руслан Акматбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.