2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KG порталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал өлкөдөгү абалды эске алуу менен, Көчмөндөр оюндарынын өтүүсүнө каршы болгонун айтты.
"Адегенде мен Көчмөндөр оюндарынын өтүшүнө каршы чыккам. Тышкы жана ички карыздарды, жумушсуздукту, кымбатчылыкты, ар түрдүү жетишпегендиктерди эске алып, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү тим эле коёлу деген пикирде болчумун. Ооба, мен деле өлкөбүздүн тарыхый маданий баалуулуктарына суктанам. Азыр деле телеберүүдөн иш-чаранын өтүп жатканын көрүп суктанып жатам.
Эми Көчмөндөр оюндары башталып калгандан кийин кантип кайра каршы чыкмак элек. Жогорку деңгээлде, тынч өтсө экен деп тиленип жатам. Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн тартибинде акча каржаты түшөт дейт. Түшсө баягы адатыбызга салып кымырып албай, мамлекеттин керегине жумшасак жакшы болмок", - дейт Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, саясий серепчи Игорь Шестаков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.