2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KG порталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов жооп берди.
Ал спорттук жана маданий иш-чаралар өлкөгө материалдык жактан киреше алып келбесе да, өлкөнүн атын чыгарууга жардам берерин айтты.
"Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында буга чейинкилерге салыштырмалуу чет өлкөдөн келген контоктордун саны көп. Сырттан келген коноктордун саны канчалык көп болсо, аларга туристтик багытта өлкөбүздү ошончолук жарнамалай алдык. Экинчиси, өзүбүздүн этно-маданиятыбызды мурдагыга салыштырмалуу дагы да көрсөтө алдык. Бул маданий жана спорттук иш-чара болгону үчүн өлкөгө материалдык жактан көп деле киреше алып келбеши мүмкүн. Бирок өлкөбүздүн атын чыгарып, руханий жактан аябай эле пайда алып келди деп эсептеймин.
Мындан сырткары аталган оюндар аркылуу өлкөгө көптөгөн ишкерлер келип, алар инвестициялык долбоорлор менен кайрылып калышы мүмкүн. Буга чейинки оюндарда Катар өлкөсүнөн келген коноктордун бизде өндүрүлгөн балдын жогорку сапатына кызыкканына күбө болгом. Негизи бул оюндун өтүшү эл ичине жакшы маанай калыптандырып, биримдикти чыңдады деп айтсак болот", - дейт Бекмамбетов.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, эксперт Эмил Үмөталиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, экономист Кубан Чороевдин пикири бул шилтемеде.