2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KG порталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди.
Ал Көчмөндөр оюндары өткөрүлөрү менен "ал материалдык пайда алып келиши керек" деген пикир туура эмес экенин айтып, буларга токтолду.
"Коомчулукта Көчмөндөр оюндары өткөрүлөр замат ал өлкөгө материалдык пайда алып келиши керек деген пикир бар. Менин оюмча, бул туура эмес. Кыргыз өлкөсү бул маданий иш-чараны өткөрүү менен спорттук, улуттук баалуулуктарды жалпы эле маданиятыбызды башка өлкөлөргө жарыялай алды.
Тагыраак айтсак, бул иш-чара өлкөнүн имиджине оң таасир берди. Муну менен бирге туристтик брендди калыптандырдык деп айтсак болот. Жакшы калыптанган бренд келечекте экономикага сөзсүз түрдө оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары экономикага эле эмес, өлкөнүн жарандарына, өзгөчө жаш муундун аң сезимине өзүбүздүн бай маданиятыбызды сиңире алдык.
Көчмөндөр оюндарын экономикалык көрсөткүчтөр менен баалаган туура эмес. Мындай маданий иш-чаралар улуттук баалулуктарды таануу жана башка улуттар менен өзүбүздү салыштырууга да өбөлгө болуп бере алат”, - деди Чороев.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, эксперт Эмил Үмөталиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.