2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KGпорталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жооп берди.
Ал Көчмөндөр оюндарына сарпталган каражат менен түшкөн пайданын так эсеби айтылбаганы үчүн оюндун пайдасы белгисиз экенин айтты.
"Жыйынтык чыгаруу үчүн ачык маалымат керек. Так маалымат болбогону үчүн бул тойдун жыйынтыгын тааныбай келем. Канча чыгаша, канча киреше болду? Мамлекеттин бюджетинен канча акча сарпталып, алар кайсы иштерге жумшалганын толук билбей турабыз. Мурда өткөрүлгөн оюндардын кирешеси да ачык түрдө белгилүү болбой, жыйынтыгы көмүскө бойдон кала берген. Ошон үчүн толук түрдө бир пикирге келип, бул иш-чаранын пайдасы тууралуу так пикир айтуу кыйын.
Ал эми сырткы көрүнүштөр - бул эмоционалдуу маселе. Баары бир өзүңдүн элиңдин маанайына карап эл менен бирге жылмайгың келет, эл кубанса, кошо кубанууга аргасызсың. Бул оюн өлкөнүн келечегине оң таасирин тийгизиши мүмкүн деген сөздөр айтылып келет. Мен муну куру сөз катары эсептейм. Биз адегенде акча менен эсептегенди үйрөнбөсөк, айтылып жаткан сөздөр куру сөз катары кала берет.
Жөнөкөй тойлорду элдин көбү ысырапкорчулук катары сындап келет. А бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң той да. Ушуга окшогон мамлекеттик деңгээлде баш-аягы белгисиз тойлорду өткөрүп жатсак, анан кантип ашыкча ысырапкорчулукту талап кылган орто жана чакан тойлорду токтотобуз. Мамлекет эмоцияга берилип мындай тойлорду өткөрүү менен ысырапкорчулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатат. Балким, бул тойлордун саясатты коздөгөн максаттары бардыр, ошентсе да анын каржылык кирешеси элге ачык жеткирилиши керек", - деди Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, саясий серепчи Игорь Шестаков, Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов , жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, экономист Кубан Чороевдин пикири бул шилтемеде.