Профессор Таалай Эсеналиев: "Кытайга болгон карызды төлөөгө тоскоолдук кылып жаткан күчтөр бар"

Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон карызын төлөөгө тоскоолдук кылып жаткан күчтөр бар. Мындай пикирин Кыргыз өлкөсүндөгү уруулардан түзүлгөн топтун аксакалдар кеңешинин мүчөсү, философия илимдеринин кандидаты, профессор Таалай Эсеналиев 7-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында айтып чыкты. Анын айтымында, ал күчтөр Кыргыз өлкөсүндө.

"Карызды төлөөгө тоскоолдук кылып, кайра карызды көбөйтүүгө кызыкдар күчтөр Кыргыз өлкөсүндө эле жүрөт. Аларга элдин, жердин кызыкчылыгы жок. Учурда чет өлкөлүк атайын кызматтардын катышуусунда операция жүрүп жатат", - деди Эсеналиев.

Кыргыз өлкөсүндөгү уруулардан түзүлгөн топтун аксакалдар кеңеши СССРдин жарандарынын чогулткан байлыктары бар экенин, аны кайтарып тышкы карызды төлөө керек экендигин сунушташууда. Бирок ал байлыктын көлөмү, кайда жатканын жана ким пайдаланып жатканын ачык айта алышкан жок.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы учурда 3 миллиард 800 миллион доллардан ашса, анын 1,7 миллиард доллары Кытайга болгон карыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан