1922-1931-жылдары Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан.
1936-жылы аны Кыргыз мамлекеттик филармониясына "Манас" айтуучу катарында кабыл алышкан.
1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген. 1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча "Манас" эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин "Семетей", "Сейтек" жазылып алынган.
Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500 миң 553 ыр сабынан турат. "Манас"эпосу дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин "Илиада" жана "Одиссеясынан" 20 эсе, "Шах-Наамеден" 5 эсе, "Махабхаратадан" 2 эсе чоң. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон.
С.Каралаевдин айтуусунда "Эр Төштүк" эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.
Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.
Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" сыяктуу чыгармалары жарык көргөн.
С.Каралаев "Манас" эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны "XX кылымдын Гомери" деп аташкан.
1938-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунуна мүчө болгон. 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордени, Ардак грамоталар медалдар менен сыйланган.
2000-жылы 500 сомдук кыргыз банкнотасына алп манасчы Саякбай Каралаевдин элеси түшүрүлгөн.
2005-жылы сапаты жакшыртылып манасчынын сүрөтү калтырылган.
Манасчы тууралуу тасмалар
"Улуу манасчы" (даректүү тасма)
Залкар режиссёр Мелис Убукеев чоң манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгына кайрылып "Манас" эпосун изилдөөгө киришүү иретинде 1988-жылы толук метраждуу даректүү тасма тарткан. "Улуу манасчы" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясында тартылып, сценарийин да режиссёр өзү жазган. Фильмге М.Убукеев 1966-жылы тартып алган беш сааттык материал негиз болгон. Режиссёр бул тасмада алп манасчынын ажайып образын жарата алган.
"Саякбай" (2017)
2017-жылы 7-сентябрда "Манас" кинотеатрында "XX кылымдын Гомери" Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" кинотасмасынын бет ачары болуп өткөн. Кайып дүйнөгө катарлаш, кабыландарга сапарлаш болгон улуу манасчы тууралуу тасманын бет ачарына кыргыз маданиятынын каймактары, коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү келишкен. Көрүүчүлөр бир дем менен көргөн бул тасма өзүнө бир гана айтылуу Саякбай Каралаевди жана "Манас" эпосун эмес, кыргызды бүт дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да образын камтыйт.
Тасманын режиссёру жана сценарийинин автору Эрнест Абдыжапаров фильм тууралуу: "Бул кинонун сценарийи жазылып жатканда талаш-тартыш жаралып, маселе пайда болду. Ал эми фильмди тартуу иши кандайдыр бир жогорку жактагы күчтөрдүн жардамы мененби, айтор, жеңил болду" деген.
"Саякбай" тасмасы Монреалда өткөн кинофестивалда "Мыкты инновациалык тасма" номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утуп алган. Кыргыздын бир эмес, үч кереметин өзүнө камтыган тасма калайык калк тарабынан да жылуу кабыл алынып келет.
Тасмада Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү баяндалат. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан-аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Манасчынын ролун белгилүү актёр Марат Жанталиев, ал эми Чыңгыз Айтматовдун ролун уулу Эльдар Айтматов аткарган.
7-сентябрдын жылнаамасы.
"Саякбай" тасмасын көргөн манасчынын кызы: "Атамдын жыты келип турду"