Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин айткандары боюнча Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитеттин жыйынында маалымат берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Евгений Гуревичтин массалык маалымат каражаттарына жарыялаган билдирүүсү боюнча маалымат берет.
Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.
Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, өзү менен жолукканын айткан.