Кыргызстандын айрым унаа жолдорунда жол кырсыктарынан жана ар кандай кырдаалдарда күнү-түнү тез жардам берчү медициналык пункттар ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ачылган пункттар учурда толугу менен дары-дармек, керектүү материалдар менен камсыз болду. Медициналык пункттар төмөнкү аймактарда ачылды:
1. Бишкек-Ош жолунун Токойлуу айылында (Суусамыр өрөөнү)
2. Бишкек-Талас жолунун Талды-Булак айылында
3. Ош-Эркеч-Там жолунун Сары-Таш айылында (Алай району)
Аталган аймактарда медициналык жардамга муктаж болгондор 103 номуруна чалып, медициналык жардам ала алышат.