"Өкмөт Табылды Матсаковдун Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалышы боюнча суроолорума толук жооп берген жок", - деп Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Бекешев билдиргендей, ал өкмөт башчынын атына бир нече суроолор менен кайрылган.
"2018-жылдын июль айында премьер-министрдин атына Табылды Матсаковдун Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалышы боюнча кат жазгам. Мени Табылды Матсаковду кайсы кызмат адамы сунуш кылганы, качан сунуш кылганы кызыктырган эле. Эң негизгиси Матсаковду кызматка коюп жатканда Медет Садыркулов жана Сергей Слепченконун өлүмү боюнча чыгарган бүтүмү тууралуу маселеге көңүл бурулганбы, ушул суроолор болчу.
Мага бүгүн өкмөттөн жооп келди, Табылды Матсаковду ал кызматка дайындоо боюнча сунуш 2018-жылдын 10-июлунда Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасы Акылбек Мусаходжаев тарабынан киргизилиптир. Менин катымдагы ыңгайсыз болгон Медет Садыркулов жана Сергей Слепченконун өлүмү боюнча Матсаковдун чыгарган бүтүмү жөнүндө суроомо өкмөт жооп берүүнү туура көрбөптүр", - деди Бекешев.
Ушул жылдын 11-июлунда Табылды Матсаков Мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Кийинчерээк Соттук-медициналык экспертиза кызматы маалымат таратып, 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркуловдун жана ал окуядагы 2 адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Соттук-медициналык экспертиза бюросу комиссиялык экспертиза жүргүзгөн. Комиссия каза болгондор "жогорку температуранын натыйжасында каза болду" деген жыйынтыкка келгенин айткан. Ошондой эле Матсаков ошол кезде Соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси катары гана жыйынтык тууралуу маалыматты гана айтканын билдирген.