"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламент комитетинин жыйынына эмнеге өзү келбегенин сурады.
Министрдин орун басары Курсан Асанов: "Бүгүн карала турган мыйзам долбоору боюнча мен иштеп жаткам. Ошондуктан өзүм келдим", - деп жооп берди.
Анда Никитенко министр өзү чакырылгандан кийин жыйынга келиши керектигин айтты.
Курсан Асанов эске алына турганын билдирди. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат. Баяндамачы катары Кашкар Жунушалиев жазылган. Бирок баяндаманы анын орун басары Курсан Асанов жасап жатат.