"Атамбаев менен Жээнбеков дос эмес, достор жыгылганда жөлөйт" дейт Мадумаров

Бүгүн, 11-сентябрда маалымат жыйынында саясатчы Адахан Мадумаров президент менен экс-президенттин ортосундагы мамиле тууралуу пикирин билдирди.

"Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда кандай болгонун билбейм. Бирок айтып коюучу нерсе: бийлик кимде болсо чөмүч ошондо. Чөмүч кимде болсо, ал өз табагына салат. Кийинкинин табагы бош калды.

Жээнбеков Атамбаевдин эле көчүн улантууда. Ал көч баягы эле мыйзамсыздык. Булар экөө тең артист. Алар 23 жыл дос болуп келип, 3 айда бири-бирин ачып башташты. Булар дос эмес, достор жыгылганда жөлөйт. Бул экөө же атайын ушундай роль бөлүп алышкан, менин мындан башка акылым жетпей турат", - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан