Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.
Ал президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле депутат болгонун белгиледи.
“Биринчиден, Асылбек Жээнбеков качан депутат болгонун караш керекпиз. Агасы Жусупбек Шарипов деле 5 жыл мурун эле элчи болуп иштеп келген. Сооронбай Жээнбеков президент болгондо туугандары кызматка орношкон жок да. Президенттин агасы менен иниси өздөрүнүн күчү менен кызматка келишкен. Сооронбай Жээнбековду Акаев менен Бакиевге окшоштурган болбойт. Акаев менен Бакиевдин туугандары алардын жардамы менен бийликке келген”, - деди Кулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров жана Мээрбек Мискенбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.