Саясатчы Адахан Мадумаров: "Президент парламенттеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, спикер - отурган бир куурчак"

Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна cаясатчы Адахан Мадумаров өз пикирин билдирди.

Маудумаров учурдагы бийлик менен Акаев, Бакиев учурундагы бийликте окшоштуктар көп экенин белгилейт.

"Тилекке каршы, бизде ким кайсы жерге келген болсо, артынан ар бирин ишке жайгаштырууну милдет катары көрөт. Азыр баары көрүп тургандай, бир үй-бүлөдөн бирөө эле жогору жакка чыгып калган болсо, ал баарын сүйрөп, татыктуубу же татыксызбы, ошолорду кызматка коюп баштайт. Сиздер санап жаткан инсандар көзгө көрүнгөндөр гана, көзгө көрүнбөгөндөрү канча? Айылдык, райондук, облустук деңгээлде алып караганда жөргөмүштүн желесиндей эле желелеп кеткен. Бул аябай нааразычылыкты жаратат. ЖМКларда айтылбаганы менен, жерлерде жамандык-жакшылыкка чогулган элдин арасында ким кимдин эмнеси болору айтылып жатат. Бул акырын-акырын жүрүп, толуп жарылып кете турган маселе, муну абайлаш керек эле.

Илгери "булбулдун 10 балапаны болсо, дагы бир балапаны сайрайт" деп айтышчу эле. Азыр Жогорку Кеңешти же башка жерди карагыла, жалаң эле бир туугандар. Андай болбойт, бир үй-бүлөдөн мынчалык генийлер чыкпайт. Уят болот. Ошону сезбеген, байкабаган, өзүм билемдик мамиле жасаган мурунку 2-3 бийликтин тагдыры кандай болгонун баары көрүп турат. Эми "андай болбойт" дегенге болбойт, биз жылкы мүнөз элбиз, эртең менен жакшы туруп эле түштөн кийин айнып кетебиз, ошону эске алышса болмок. Азыр кайсы жерге барбайлы тууганчылыгы, куда-сөөгү, таяке-жээни бар деген маселелер аябагандай күчөп кетти. Бул маселе акыркы 10-15 жылда бизде гүлдөп бараткан терс маселе, бул жакшылыкка алып келбейт. Азыркы жагдайда бул маселе ашкере болуп калды, мурда жашырынып, уялып анча-мынча ыйман бар эле. Азыр "эмне отурасың, тууганың турбайбы, маселеңди чечпейсиңби?" деп, тилекке каршы, бул нерсе кадыресе мамлекеттик саясатка айланып калды. Бул коркунучтуу нерсе.

Кыргызда бардык эле учурдагы башкаруулар бирдей. Маселен, Роза Отунбаева президент болуп турганда "Тышкы иштер министрлигиндеги маселелерди иниси чечип жатат" деген катуу сөздөр жүргөн. Атамбаев президент болгон учурда жан-жөкөрлөрү, кайнилери чечип калган. Азыркылар деле алардан ашса ашат, кем калбайт. Азыр кайсы жерге барбасын агасын да, инисин да төгөрөктөп эл жүрөт. Азыр парламенттеги спикер - отурган бир куурчак. Жогорку Кеңештеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, муну сокур менен дүлөй гана андай эмес дебесе, ой жүгүрткөндүн бардыгы сезип, көрүп турат. Жоопкерчиликти бир киши керт башы менен моюнуна алмайын бул маселе уланып кете берет. Бирок түбү жакшылыкка алып келбейт. Азыр Жогорку Кеңештин төрагасы эле эмес, өкмөт башчы деле куурчак, бардык маселе башка жерде чечилет. Бакиевдин тушунда да ушундай болуп калган, өкмөт өзүнчө, баласы баштаган команда өзүнчө иштеп калган. Натыйжасы эмнеге алып келгенин айтуунун кажети жок, окшоштуктар аябай көп", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Улукбек Кочкоров жана Феликс Куловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан