Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жооп берди.
Артыковдун айтымында, учурда сырттан караганда үй-бүлөлүк башкаруудай көрүнгөнү менен, иш жүзүндө андай эмес.
"Сооронбай Жээнбеков президенттикке келе электе эле бир туугандары кызматтарга отуруп калган. Келгенден кийин дайындаса, анда башка сөз эле. Акаев баласын депутат кылып, бирөөнү Каржы министрлигине отургузбады беле. Бакиев ЦАРИИни түзүп, баласын башчы кылган. Бизде азыр андай көрүнүш жок. Сырттан караганда үй-бүлөлүк башкарууга окшоп көрүнүшү мүмкүн, бирок буларды Сооронбай Шарипович алып келген жок да. Асылбек Жээнбеков Сооронбай Жээнбеков өкмөткө келгенде спикерлигин бошотту. Булар эми эл жаман көрөт десе, бул маселени үй-бүлөсүндө чечиши керек. Бирок мыйзам бузуу болуп жатат деп айта албайм", - деди Артыков.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Улукбек Кочкоров жана Феликс Куловдун пикири төмөнкү шилтемеде.