Бишкекте зордуктоодон качам деп терезеден секирип кеткен 19 жаштагы кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 11-сентябрда кабарлады. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.
"Үч-төрт күн мурун фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда", - деп билдиришти ШИИББден.
Ушул жылдын 3-августунда 19 жаштагы кыз У.Э. аттуу адамдын үстүнөн милицияга арыз жазган. Жазган арызында ал адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин билдирген. Терезеден секирген учурда омурткасы сынып, ооруканага жаткырылган.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазып чыгышкан. Бирок Улан Эралиев айтылган маалыматты төгүнгө чыгарган.