Спортчу Улан Эралиев Бишкекте кыз зордуктоодон качам деп терезеден секирген учурда ал өзү Ысык-Көлдө болгонун айтты

Панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев мейманканада зордуктоодон качам деп терезеден секирип жиберген кызга тиешеси жок экенин SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал бул окуяны 2 күн мурун уккан жана дале нес абалынан чыга элек.

"Бул окуя болгон күнү мен Ысык-Көлдө болчумун. Угуп нес болуп калдым. Кечээ борбор калаага келип Бишкек ШИИББине барып тактасам, мага эч кандай тиешеси жок экен. Анан кыздын дагы көрсөтмөсүндө менин атым аталбаптыр.

Менин жеке оюмча, айрым маалымат булактары божомолдуу берип салышкан. Андан ары сүрөттөрүм менен таркап кетиптир. Жактоочум менен мен тууралуу таратылган маалыматтарды алдырып жатабыз. Учурда маалыматты таркатты делген 3 маалымат булагы калды. Алардын үстүнөн иликтөө иштери жүрүүдө. Жалган маалымат берген сайт аныкталса, алардан далил талап кылабыз. Эгер далилдеп бере албаса, укуктук баа берүүгө муктаж болобуз.

Азыр мен Көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көл жергесинде жүрөм. Мени жакындан тааныгандар бул маалыматты уккандан кийин ишенбегенин айтышты. Мен Кудайдын алдында тазамын", - дейт спортчу.

Эске салсак, терезеден секирип омурткасын сындырып алган 19 жаштагы кыз 3-августта ага карата зордуктоо аракети жасалганы боюнча милицияга арыз жазган. Арызында У.Э. аттуу адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип жибергенин көрсөткөн.

Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Azat.97
2018-08-14 22:00:36
Ошондой эле болсунчу.Мен дагы ишенген эмесмин
+18
madina.87
2018-08-14 22:35:31
Балким ушул убакка чейин жаба тургандардын оозун жаап, анан өзү Көлдө болчум деп актанганыдыр.
Колунан келчү түрү бар.
-6
bond02
2018-08-14 22:43:38
Кандай болду эми? кыз ошончолук мас болгонбу же бул спортчу танып жатабы?
-3
bekub1473kg
2018-08-14 23:45:36
Кудай билет баарын
+5
Shekeev969798
2018-08-15 00:05:26
Неге барат мейманканага каалабаса))
+8
faraon312
2018-08-15 00:33:44
Эмне үчүн ошол убакытта чыкпайт тазамын деп? Кыз деле 6 млн элге бирөөнүн атын сатып жаман атка калгысы келбейт. Анан калса бечара терезеден бой таштайт беле..? Кудай билүүчү...
+4
jdn11
2018-08-15 00:53:05
гостиницага пок жегени барабы тмги кыз. мээси жоктун да мээси жетет гостиницага баргандар жатат экенине
+11
O.dembele
2018-08-15 02:45:10
Гост-нын ээсинен сурагыла Улан Эралиев журо бекен ошол куну
+5
madina.87
2018-08-15 03:00:35
баарын оозун жаап анан эми биякка келдида
+4
AKCAHAT
2018-08-15 03:09:14
Спортчулар куйдурго болду го. Лолунун баатыры оз элин чабат болуп. Бул ачыка чыкканы канча кыздар айталбай жургондур.ошо Августта каякта эле я
+2
zzz---zzz
2018-08-15 03:11:34
Балким Улан Эралиевтин атын жамынып башка бироо кыз менен таанышкандыр.
+4
deva
2018-08-15 09:03:10
Улан сонун жигит. Аялзатын сыйлап гана турат мен билгенден
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан