Өкмөттө инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына тоскоолдук жараткан чиновниктерге карата чара көрүлөрү айтылды

Өкмөттө 11-сентябрда Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда инвестицияларды тартуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Анда өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти күчтөндүрүү, ошондой эле инвестициялардын келүүсүнө карай тоскоолдуктарды жоюу боюнча чараларды активдештирүү маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу жер тилкелерин бөлүү, инфраструктурага кошуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен өз ара аракеттешүүсү сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда келип чыгуучу көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүүлүк көрсөтпөстөн, аталган инвестициялык лотторду түзүүдө Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте тийиштүү аракеттерди көрө албай жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инвесторлор менен натыйжалуу иш алып баруу – бул аткаруу бийлик органдарынын маанилүү милдеттеринин бири экенин белгилеп өттү.

Ошондой эле инвестициялардын келишине жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу фактылары аныкталган шартта күнөөлүү жактарга карата кылмыш жоопкерчилигине чейинки катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан