Дамирбек Сагынбаев: "Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык каттам боюнча көптөгөн адамдарды билетсиз ташыганы аныкталды"

"Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык каттам боюнча көптөгөн адамдарды билетсиз ташыганы аныкталды. Бул тууралуу 12-сентябрдагы маалымат жыйынында Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева президентке жазган кайрылуусу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Анын кайрылуусунда айтылгандай, "Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык каттамдагы Бишкек-Москва, Бишкек-Казань, Бишкек-Новокузнеск багыттарына барып келүүдө көптөгөн адамдарды билетсиз ташыгандыгы аныкталды. Бул иш боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык тиешелүү адамдар жоопко тартылат”,
- деди Сагынбаев.

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева аталган мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу маселе козгогондон кийин кысым болуп жатканын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан