Бишкек шаарынын мэри "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынына келген жок

Бүгүн, 14-сентябрда “Республика-Ата Журт” фракциясы өлкөдөгү билим берүү абалын жана аны өнүктүрүү маселелерин карап жатат. Баяндаманы фракция лидери Жыргалбек Турускулов жасады.

Жыйынга чакырылган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов келген жок. Анын ордуна келген вице-мэр Асел Куламбаева мэрдин жыйынга катышпаганын анын жумушу менен байланыштырды.

“Бүгүн мэрдин жыйыны бар эле, ошого келе алган жок” деп жооп берди ал.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын төрагасы Жыргалбек Турускулов фракциянын чакыруусун сыйлап, анын жыйынга келүүсү керек экенин айтты. “Шаарда көйгөйлөр көп, ошон үчүн ал биздин жыйынга келип, суроолорубузга жооп бериши керек. Кийинки жолу сөзсүз келсин, ошону айтып коюңуз”, - деди фракция жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан