БШК "Республика" партиясына үгүт иштерин жүргүзүүдөгү эрежелерди бузганы үчүн эскертүү берди
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзүнүн жыйынында "Республика" партиясына үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди бузгандыгы үчүн эскертүү берүү чечимин кабыл алды. Мурун белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңешке ат салышып жаткан "Республика" партиясы үгүт иштеринде шайлоонун эрежесине туура келбеген казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусундагы видеотасманы жана өкмөттүн отчётун колдонгон.