Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков жооп берди.
Анын пикиринде, айрым учурларда таанымал эмес баатырлардын да мааракелери мамлекеттин акчасына өткөрүлүп жатат.
"Бир иш-чара уюштурулганда анын сөзсүз максаты болушу керек. Өлкөнүн имиджин, туристтик рейтингин көтөрөбү, баалуулуктарын таанытабы деген идеологиялык талаптары болушу шарт. Айрым той-мааракелерде каражат ашыкча сарпталып, убакыт да убал болуп жатат. Көчмөндөр оюндары сыяктуу мега долбоор болсо макул. Бирок башка тойлорго жөн эле “барып коюш керек” деген маселе жаралып жатат да. Укум-тукумунан башка эч ким тааныбаган баатырлардын да тойлору өтүп жатат.
Мамлекетибизде бюджеттин каражатын максатсыз пайдалануу жалгыз ЖЭБде же Тарых музейинде эмес, ушул сыяктуу тойлорду өткөрүүдө, маданият тармагында да болуп жатканын айткандар бар. Демек, бул да коррупциянын бир түрүнө жол ачышы мүмкүн. Той-аштардан жаштарга тарбия бере албайбыз. Тарбия тойго барып устукан жеш менен эмес, мектептерге, аскерлерге, клубдарга барып адеп маегин, сабактарын өткөрүү менен сиңет. Тарбия деген интеллектуалдык инвестиция, конференция аркылуу берилет. Азыркы той, мааракелерде өз районун мактоо, даңазалоо эле болуп жатат. Муну менен өлкөнү бириктиребизби же бөлүп жатабызбы - бул чоң суроо. 100 тойго кеткен акчага 100 улан-кызды дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окутсак стратегиялык жеңиш болмок", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана эксперт Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.