Өмүрбек Суваналиев: "Шаардык кеңештин депутаты эч качан инвестиция алып келген эмес"
КТРКнын түз эфиринде шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын арасында кезектеги теледебат өтүп жатат. "Ар-намыс" партиясынын атынан келген Өмүрбек Суваналиев шаардык кеңештин депутаттары эч качан инвестиция алып келе албасын жана буга чейин дагы алып келбегендигин айтты. "Мэр, премьер-министр, президент турганда шаардык кеңештин депутаты кантип инвестиция алып келсин?! Керек болсо Кыргызстан өзү Апрель, Июнь окуяларынан кийин бир дагы инвестиция тарта элек",- деди Өмүрбек Суваналиев.