Ысык-Көл. Каракол шаарында медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустагы медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдиргендей, атайын жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча 8 номинация менен ак халатчандар сыйланышты. Ал эми  Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери" сыйлыгы менен облус боюнча 27 кызматкер,  Ардак грамоталары менен 7 кызматкер сыйланышты. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, өкүлдүн орун басары Роза Кайыкова, шаар мэри Рыскул Калыгулов жана башка жетекчилер катышты. Белгилей кетсек, майрамдык иш-чараны өткөрүүгө облустук администрация тарабынан жалпы 123 миң сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан