Декларация: Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алымбай Султанов "жеке менчик унаам жок" дейт

2012-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алымбай Султанов 181 070 сом киреше тапканын бир жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Султановдун кыймылсыз мүлктөрү: 200 чарчы метр жерди ээлеген бир үй, 58 чарчы метр аянтты ээлеген бир батир жана 8 сотых жер тилкеси. Ошондой эле 2 компаниянын акцияларынын бир бөлүгүнө ээлик кылат (пайызы көрсөтүлгөн эмес). Ал эми А.Султановдун жакындары былтыр 120 000 сом киреше тапса, 220 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 30 чарчы метр аянттагы дагы бир үйгө ээлик кылышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан