Бүгүн, 4-июлда саат 20:00дө Ысык-Көл облустук телеканалынын түз эфиринен өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев тургундардын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады. Айтымында, облус башчы суроолорго жооп берүү менен бирге тургундарга облустун учурдагы абалы боюнча кенен маалымат бермекчи.