Бүгүн, 4-июль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде облустагы медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Аларды өкмөттүн облустагы өкүлү Койсун Курманалиева куттуктап, “ак халатчан ден соолук сакчыларынын бул майрамы социалдык тармактагы эң өзгөчө майрам. Анткени ар бир адамдын ден соолугу – мамлекеттин байлыгы, улуттун байлыгы болуп эсептелет. Дени сак адам гана өз элине пайдалуу кызмат кыла алат”,- деди. Мындан тышкары мыкты кызматкерлер төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.