3-4-июль күндөрү энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Ош, Жалал-Абад облустарынын күз-кыш мезгилдерине карата жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыкты текшерүү үчүн отун-энергетика комплексинин түштүк аймагындагы башчысы менен жолугушту. Артыкбаев Ош ЖЭБине барып, ал жердеги эмгек жамааттын ишине канааттанганын айтты. Мындан сырткары, министр Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында болуп, жылуулук берүү мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн текшерди. Ал аткарылып жаткан иштер менен таанышып, жумушчуларга күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине ийгиликтүү өтүүнү каалады.