Талас облусунун Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунда себилген көп жылдык чөптүн 94 пайызы чабылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн Агрардык секторунун башкы адиси Туратбек Назаралиев билдирди. Айтымында, ушул жылдын 2-июлуна карата 16164 гектар жердеги көп жылдык чөптүн 1510 гектары чабылып, ал жалпы аянттын 94,7 пайызын түздү. Ал эми анын түшүмдүүлүгү гектарынан 41,7 центнерден алынып, өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жыйым 2704 тоннага көп болду.