Күрмөнтүлүктөр “Күрмөнтү цемент” заводу мыйзам чегинде иштебесе, митингге чыгышарын билдиришти

Түп районундагы “Күрмөнтү цемент” заводунун жанындагы Күрмөнтү жана Ак-Булак айылдарынын тургундары 3-июлда өкмөттөн цемент заводун мыйзамдуу иштетүүнү талап кылган жыйын куруп, эгер коюлган талап тезинен чечилбесе, ири нааразылык акцияларына чыгышарын билдиришкен. Бул тууралуу  депутат Курманбек Дыйканбаев билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы жарыялады. Депутаттын айтымында, жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, Түп районунун акими да катышып, тургундардын талаптарын өкмөткө жеткирүүгө убада беришкен. “Жергиликтүү тургундар жыйында заводду мыйзам чегинде иштетип, пайдасын өлкөгө алып калууну талап кылышты. Анткени завод 1-июлга карата салык үчүн 15 миллион сом, электр энергиясы үчүн 8 миллион сом, Соцфондго 2 миллион сом, жер салыгы үчүн 6 миллион сом карыз экендигине карабай кудуретсиз деп, таанылбай жаткандыгына нааразы болушту. Мындан тышкары тургундар “заводдун тагдырын чечем” деп мындан 9 ай мурун убада берген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин убадасы сөз бойдон калгандыгына катуу нааразылыгын билдиришти”,- дейт эл өкүлү. Депутат Курманбек Дыйканбаев бир сотых жери же башка табылгасы жок завод жумушчуларынын мындай талаптары жөндүү экендигин жана алардын талабы боюнча өкмөт тез чара көрүүгө милдеттүү экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан