"Ар-намыс" партиясы Иса Өмүркуловдун ордуна Өмүрбек Суваналиевдин келишин каалайт
Бүгүнкү КТРКда өтүп жаткан теледебатта "Ар-намыс" партиясы учурдагы мэр Иса Өмүркуловдун ордуна Өмүрбек Суваналиевдин келишин каалаарын аталган партиянын өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди. "Бийликтеги партиялар КСДП, "Ата Мекен", ошондой эле "Ак шумкар" партиясын биздин партия шаардык кеңешке келүүсүн каалабайт. Шаарды алдыга алып кетүү үчүн Өмүркуловдун ордуна Суваналиев келиши керек",- деди Өмүрбек Суваналиев.